2019 – жылы Транспорт министрлигине жолдорду оңдоп-түзөө иштерине 150 млн. сом бөлүнгөн. Январь-апрель айларында сумманын 80-83% (122 млн. сому) аткарылган деп билдирет Транспорт жана жол кыймылы Министрлиги.
Калган 30.3 млн. сом октябрь-декабрь айында иштетилээри айтылган. Бул каражатка керектүү материалдарды сатып алуу жана техникаларды оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Кышкы убакытта министрлик Кыргызстан боюнча 28 ашууга тейлөө иштерин жүргүзөт.