Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү үчүн атайын эсепке 293 миллион 820 миң 164,21 сом которулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бүтүмдөрдүн саны 3 миң 433 болгон.
"Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандар тарабынан каржылык алдамчылыкка жол бербөө максатында ачылган", - деп түшүндүрөт казыналык.