Ош шаарынын негизги суу артериясы болгон Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери 2020-жылдын июнь айында башталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, түштүк башкалаанын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.
“Ири долбоордун тендердик баасы 251 млн 893 миң сомду түзгөн. Курулуш иштери жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөрү макулдашылган. Мен шаардын мэри болуп турганда, Жогорку Кеңештин депутаты болуп да, долбоорду аягына чыгаруу маселесин көтөрүп келе жатам. Долбоор менен таанышып чыккан Министрлер кабинетинин төрагасы аны ишке ашырууга колдоо көрсөтүү ниетин билдирди. Буга чейин курулуш иштерине каражат жергиликтүү бюджеттен гана бөлүнүп келген, республикалык бюджеттен каражат карала элек”, - деди Таалайбек Сарыбашов.
Ал белгилегендей, бул уникалдуу долбоор, анда дарыянын жээгине веложол, жарандардын ыңгайлуу убактысын өткөрүү жана жуунуу үчүн жай куруу каралган.