Быйыл окуу китептерин басып чыгууга 152 млн сом бөлүндү

05.09.2023, 14:10 Акчабар
Быйыл окуу китептерин басып чыгууга 152 млн сом бөлүндү

Быйыл жаңы окуу китептерин басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүндү. Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу секторунун башкы адиси Самат Тоялиев бул каражатка кайсы китептер басылып чыккандыгын жана басып чыгарууга даярдалып жаткандыгын айтып берди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан быйыл 36 миң нускада окуу китептери басылып чыкты. Алар - 7-класстар үчүн физика китеби кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде, ушул эле тилдерде 8-класстар үчүн химия китеби.

Ошондой эле 7-8-9-класстар үчүн информатика китебинин өзбек жана тажик тилиндеги версиялары басылып чыкты.

Буга чейин диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча китептер 123 миң нуска менен басылып чыгып, алар өлкөнүн бардык мектептерине таратылган. Быйыл ушул эле предмет боюнча 7-8-класстар үчүн окуу китептери кайрадан жазылып чыгып, басып чыгарууга даярдалууда.

Ошондой эле учуруда башталгыч класстар үчүн “Алиппе”, адабий окуу жана кыргыз тили китептери, 7-8-класстын окуучулары үчүн "Адам жана коом" китеби басылып чыгуу алдында турат.

Тэги: школы новости Кыргызстана Минобразования учебники

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу