Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдануу үчүн 2,3 млрд сом насыя алды

28.07.2021, 14:00 Акчабар
Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдануу үчүн 2,3 млрд сом насыя алды

Энергетика жана өнөр жай министрлиги күз-кыш мезгилине даярдануу үчүн Экономика жана Каржы министрлигинен 2 миллиард 300 миллион сом өлчөмүндө насыя алды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек ЖЭБинде көмүр толугу менен сатылып алынып жатат.

"Кара-Кече сортундагы көмүр ЖЭБге 950 миң тонна, Таш-Көмүр шаарына 50 миң тонна көлөмүндө жеткирилет. Күз-кыш мезгилинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 1 миллион тонна көмүр алынат. Импорттолгон көмүр 640 миң тонна. Жалпысынан жылуулук мезгилине карата Бишкек шаарынын ЖЭБинде 1 миллион 700 миң тонна даярдалат ", - деди ал.

 

Тэги: ТЭЦ ОЗП Минэнерго

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу