Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылына бала бакча курууга тендер жарыялады. Өтүнмө мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.
Тендердин баасы 82 миллион 296 миң 607 сомду түзөт. Бала бакча 100 орундуу болот.