Кайра шайлоого 48,3 млн сом сарпталат

31.05.2021, 09:40 Акчабар
Кайра шайлоого 48,3 млн сом сарпталат

Шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого 48 миллион 344 миң сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Берилген маалыматтарга ылайык, сметада шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды жана кызматтарды сатып алуу чыгымдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жабдуулар операторлору үчүн кызматтык иш сапар жана окутуу иш-чаралары, байланыш кызматтары, буюмдарды сатып алуу жана материалдар, жабдууларды жана материалдарды жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдар, аймактык шайлоо комиссияларынан участкалык шайлоо комиссияларына региондордун ичинде ташуу үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөр жана тескерисинче шайлоону өткөрүү үчүн керектүү шаймандар жана материалдар камтылган.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Токмак шаардык кеңештерин шайлоо 11-июлга белгиленген. Өткөн шайлоолордун жыйынтыктары аталган шаарлардагы ири мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

Тэги: выборы горкенеш деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу