Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменти кызматтык иттерге тамак-аш жана кургак тамак сатып алууга тендер жарыялады.
Тендердин баасы 17 миллион 838 миң 400 сомду түзөт. Бул каражаттардын негизги бөлүгү мекеме үчүн эт, балык, жашылча-жемиш, кант, май жана чай сатып алууга жумшалат. Ал эми 1 миллион сомго кызматтык иттерге кургак тамактар алынат.
Азык-түлүк тапшырыктын II кварталында ишке ашырылууга тийиш.