Жалал-Абад облусуна “Социалдык келишим” долбооруна республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында маалымдалды.
Бул каражат 600 бизнес-долбоорду ишке ашырууга жумшала турганы такталды.
"Бул долбоордун алкагында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул алуучулар өз ишин баштоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттык сынакка катышып, жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк алышат", - деп айтылат маалыматта.