Бизнести каржылоо программасына 4.2 млрд сом бөлүндү

21.07.2020, 13:00 Акчабар
Бизнести каржылоо программасына 4.2 млрд сом бөлүндү

КР өкмөтү тарабынан бекитилген «Ишкерчилик субъектилерин колдоо» программасын ишке ашырууга коммерциялык банктарга 4.2 млрд сом бөлүндү, анын ичинде КР Каржы министрлиги тарабынан 2.2 млрд сом жана Улуттук банк тарабынан насыялык аукциондор аркылуу 2 млрд сом. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Программанын алкагында, акча каражаттары негизги каражаттарды насыялоого (негизги каражаттарды алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо) жана айлануудагы каражаттарды (чийки зат алуу, комплектөөчүлөрдү, кошумча бөлүктөрдү), ошондой эле насыяларды кайра каржылоого багытталат.

Салыктык администрациялоону санариптештирүүнү киргизүү максатында электрондук эсеп-фактураларын колдонгон, программалык ККМ жана товарларды маркировкалоону ишке ашырган кичи жана орто бизнестин субъектилерине льготалык насыялар берилет.

20 июлда Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги «Ишкерчилик субъектилерин каржылоо» программасынын алкагында сегиз коммерциялык банкка жалпы суммасы 1.4 млрд сом өлчөмүндөгү кезектеги траншты бөлүп берди:

  • «Айыл Банк» - 350 млн сом;
  • «РСК Банк» - 350 млн сом;
  • «Бакай Банк» - 210 млн сом;
  • «Оптима Банк» - 200 млн сом;
  • «Кыргызстан коммерциялык Банкы» - 120 млн сом;
  • «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» - 120 млн сом;
  • «Бай Түшүм Банкы» - 30 млн сом;
  • «Финанскредитбанк» - 25 млн сом.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Каржы министрлиги коммерциялык банктар үчүн 840 млн сом суммадагы эки аукцион өткөрүп, анын жыйынтыгы менен алты коммерциялык банкы ишкерчилик субъекттери үчүн льготалык насыялоого каражат алган.

Тэги: Минфин кредиты финансирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу