Мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөр кечиктирилгендиктен бюджет 171,3 млн сом жоготту

15.10.2021, 16:16 Акчабар
Мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөр кечиктирилгендиктен бюджет 171,3 млн сом жоготту

Былтыркы жылы Кыргызстандын тышкы мамлекеттик карызын тейлөөгө бөлүнгөн каражаттар 95%га өздөштүрүлгөн. Башкача айтканда, милдеттенмелерди жабууга багытталган акчанын калдыгы 849 миллион сомду түздү. Бул тууралуу республикалык бюджеттин аткарылышынын аудити боюнча отчетто айтылды.

Бул өткөн жылы KFW, Гермес жана Түркиянын донорлорунун эки тараптуу кредиттик милдеттенмелерин тейлөөнүн убактылуу токтотулушуна байланыштуу.

Ошол эле учурда республика 18 келишим боюнча карыздарды төлөө мөөнөтүн кечиктирди, бул бюджеттин жоготууларына алып келди.

"Кечиктирүү 69дан 169 календардык күнгө чейин болгон. Иш жүзүндө төлөө учурунда мөөнөтү өткөн күндөрдө чет элдик валютанын сомго карата курсунун жогорулашынын натыйжасында, бул республикалык бюджеттин 171,3 миллион сом өлчөмүндө жоготулушуна алып келди”, - деп билдирди Эсеп палатасынын адистери. 

Тэги: бюджет потери внешний долг деньги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу