Жети айда президенттик аппарат 800 млн сомдон ашык каражат жумшады

01.09.2023, 13:26 Акчабар
Жети айда президенттик аппарат 800 млн сомдон ашык каражат жумшады

Ушул жылдын жети айында президенттик аппараттын бөлүмдөрүнүн чыгымдарына 800 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги тараткан маалыматта айтылат. 

Анын 419 млн сому бөлүм кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалса, соцфондго кеткен чегерүүлөр 58 млн сомду түздү.

Андан кийинки эң көп чыгашалар имараттарды күтүүгө (83 млн сом), андан кийин техника жана аларды жабдууга кеткен чыгымдар 53 млн сомду түзгөн.

Белгилеп кетсек, мекеме тарабынан коммуналдык төлөмдөргө 47,9 млн сом жумшалган.

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Минфин управление делами президента затраты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу