Кыргызстанда беш-алты жыл аралыгында "Менин үйүм 2021-2026" жаңы турак жай программасын ишке ашырууга кеминде 30 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, программанын алкагында 800 миң чарчы метрге жакын жерге жеткиликтүү турак жай курулат.
"Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизги багыттары:
Ошол эле учурда Төлөгөнова Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген мигранттар программанын алкагында ипотекалык турак жайга ээ боло албай тургандыгын белгиледи.
"Ал Кыргызстандын жарандары үчүн гана жеткиликтүү болот. Келечекте талаптар кайра каралышы мүмкүн”, - деп кошумчалады Аида Төлөгөнова.