Оштогу базарды реконструкциялоого 1 млрд сомдон ашык каражат жумшалат

14.09.2022, 09:15 Акчабар
Оштогу базарды реконструкциялоого 1 млрд сомдон ашык каражат жумшалат

Сентябрдын башында“Туратали базары” мамлекеттик ишканасы менен“Кара Суу соода базары” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору боюнча келишимге кол коюлган. Бул тууралуу Инвестициялар агенттигинин сайтында маалымдалды.

Сунушталган инвестициянын көлөмү 1 миллиард сомдон ашты.

Бул долбоор узак мөөнөттүү жана учурдагы соода жайларын модернизациялоого жана жаңы соода жана мейманкана объектисин курууга багытталган.

“Туратали базарынын” учурдагы инфраструктурасы заманбап талаптарга жооп бербейт. Суу менен камсыздоо жана канализация, медициналык жана дарыкана пункттары, коомдук тамактануу пункттары менен камсыз кылуу менен заманбап инфраструктураны түзүү зарыл”, - деп айтылат маалыматта.

Долбоордо санитардык жана экологиялык нормаларды сактоо менен соода жүргүзүү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу, ошондой эле кирүүчү жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо, жер астындагы унаа токтотуучу жайларды куруу жана өрт коопсуздугунун заманбап системасы менен жабдуу каралган.

Жеке өнөктөш жыл сайын тараптар макулдашкан график боюнча мамлекеттик өнөккө төлөмдөрдү жүргүзөт. Бул долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана рыноктун экономикалык потенциалын жогорулатууну карайт.

Долбоорду жеке өнөк аяктагандан кийин жер участогу мүлктүк комплексти сактоо менен мамлекеттик өнөккө кайтарылып берилет.

Тэги: экономика новости Кыргызстана туратали базар Ошская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу