Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионду оңдоого 48 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аппарат жетекчиси Акылбек Жапаровго шилтеме берүү менен министрлер кабинетинин сайты билдирди.
Маалым болгондой, бул стадион 1961-жылы курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.