Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтү асфальт-бетон төшөлмөсүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендердин жалпы суммасы 34,3 млн сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, техникалык тапшырмага ылайык, “Ай-Көл” жана “44 ГА” конуштарында жолдорду оңдоо иштери, мындан тышкары Лебединовка айылынын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлөт.