Кыргызстандын билим берүү тармагына 32,5 млрд сом бөлүнөт

30.08.2023, 10:53 Акчабар
Кыргызстандын билим берүү тармагына 32,5 млрд сом бөлүнөт

Бүгүнкү күндө Билим берүү министрлигине республикалык бюджеттен 32,5 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул сумма такталган жылдык пландын 61,4% түзүп, 52 млрд сомго барабар.

Алсак, эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүү 32 миллион сомду түзсө, окуучулардын, тарбиялануучулардын, студенттердин тамак-ашына 450,5 миллион сом, билим берүү уюмдарынын стипендиясына 70 миллион сом бөлүнгөн.

Ошондой эле мектептер үчүн окуу китептерин, анын ичинде Брайл арибиндеги окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга 152 миллион сом сарпталат. Мектеп окуучуларынын эл аралык жана мектеп республикалык олимпиадасына, ошондой эле математика боюнча олимпиадага 4 миллион сом жана 4,8 миллион сом жумшалат.

Өз кезегинде билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 112,4 миллион сом, мектептердеги интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө 14 миллион сом бөлүнөт.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Минфин образование финансирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу