Кыргызстан парник газдарын азайтуу үчүн 6,7 млрд доллар сурайт

12.12.2022, 12:54 Акчабар
Кыргызстан парник газдарын азайтуу үчүн 6,7 млрд доллар сурайт

Өткөн жылы Глазгодо өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясында Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартуу милдетин алган. Бул үчүн өлкө 6,7 миллиард доллар өлчөмүндө БУУдан гранттык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эмиссияны азайтуу боюнча көрүлө турган чаралардын тизмесин жарыялады. Анда Бишкектеги 23 көмүр жагуучу жайды газга өткөрүү, калктуу конуштарга альтернативдик энергия булактарын киргизүү камтылган.

Динара Кутманова мындай долбоорлор үч жылга чейин караларын, грант алууну тездетүү үчүн тийиштүү аракеттер көрүлөрүн кошумчалады. 

 

Тэги: парниковые газы Кыргызстан грантовая поддержка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу