Баткенге жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 70 млн сомдон ашык каражат түштү

20.09.2022, 09:47 Акчабар
Баткенге жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 70 млн сомдон ашык каражат түштү

Акыркы маалыматтар боюнча, Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын бирдиктүү казыналык эсебине жарандардан жана башка уюмдардан 70 миллион сомдон ашык акча которулду. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Жалпысынан 1,3 миң транзакция жасалганы такталган.

Финансы министринин орун басары бүгүнкү күнгө чейин атайын эсептен түшкөн акчалар таратыла электигин белгиледи.

“Бул каражатты пайдалануу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жүргүзүлүүдө”, - дейт Улан Даникеев.

Эске салсак, Тажикстан тараптан Кыргызстанга карата агрессия 14-сентябрда башталган.

 

Тэги: Баткенская область Ошская область конфликт на границе новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу