Саламаттыкты сактоо министрлигинин админстративдик эсебине коронавирус менен каршы күрөшуү үчүн 1-апрелге карата түшкөн каражаттардын суммасы - 80.5 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде 31-марттан 1-апрелге караган күнү 11.7 млн сом түшкөн. Каражаттар юридикалык жана физикалык жактардан ыктыярдуу негизде которулуп жатат.