Ысык-Көл облусундагы Юстиция үйүнүн курулушуна 11 млн 248 миң сом сарпталат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
[news 32418]
Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Кызыл-Суу айылына Юстиция үйүн курууга тендер жарыялады.
Тендердин суммасы 11 миллион 248 миң сомду түзгөн.