Тейлөө пункттардын курулуш иштерине 40 млн сом бөлүнгөн

26.11.2019, 12:45 Акчабар
Тейлөө пункттардын курулуш иштерине 40 млн сом бөлүнгөн

 Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков автомобиль транспорт каражаттарынын салмагын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган динамикалуу системанын иши жана «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жайгаша турган товарларды башкаруу боюнча стационардык пункттун курулушу менен таанышты. 

Учурда «Чалдыбар-автодорожный», «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайларынын жанына тейлөө пункттары курулууда, жакынкы арада «Чоң-Капка-автодорожный» өткөрмө жайында дагы курулуш иштери башталат. Бул үчүн бюджеттен 40 млн сом каралган. 

«Быйыл 3 көзөмөл-өткөрүү жайында автотранспорт каражаттарынын салмагын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган динамикалуу системасы орнотулду, өткөрмө жайлар аркылуу каттаган бардык транспорт каражаттарына фото жана видеофиксация жүргүзүлөт. Учурда көзөмөл-өткөрүү жайларынын жанына товарларды башкаруу боюнча иш алып бара турган 8 кызматты жайгаштырган тейлөө пункттарын куруу иштери жүрүүдө. Маалыматтар фото жана видеофиксация системасы менен автоматтык түрдө онлайн режиминде Транспорт жана жолдор министрлигине, Мамлекеттик салык кызматына түшүп турат. Өкмөт 3 пунктту курууга 40 млн сом бөлдү, жалданма компания аныкталды. Декабрдын аягына чейин курулуш иштери аяктайт жана объекттер колдонууга берилет. Биз кирешелер бир кыйла көбөйөрүнө ишенебиз», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүүну тапшырды.  

 

Тэги: бюджет строительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу