Ысык-Көл облусундагы мектептердин курулушуна 687 миң доллар сарпталды

27.11.2020, 12:40 Акчабар
Ысык-Көл облусундагы мектептердин курулушуна 687 миң доллар сарпталды

Сауд өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен Ысык-Көл облусунда үч мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура агенттигинин сайтында маалымдалды.


Мектептер Ак-Суудагы Ново-Вознесеновка, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жана Тоң районунун Оттук айылында курулуп жатат.


Ушул үч мектептин курулушу 925 жаңы орунду камсыз кылат.


Учурда объектилерде фундаменттерди куруу, монолит колонкаларды бетондоо жана кыш куюу иштери боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.


Сауд өнүктүрүү фонду аткарылган жумуштардын көлөмүнө ылайык, подрядчиктерге объектилердин курулушу үчүн 687 миң доллар каржылаган.

Билим берүү объектилеринин курулушун 2021-жылы аяктоо пландаштырылып жатканы белгилүү болду.

 

Тэги: школы СФР Иссык-Кульская область экономика благотварительность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу