Чүй облусундагы социалдык объектилердин курулушуна 358 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

17.06.2021, 10:20 Акчабар
Чүй облусундагы социалдык объектилердин курулушуна 358 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Чүй облусунда 28 социалдык инфраструктура объектилерин куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Анын жалпы чыгым 358 миллион 327,7 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылга бекитилген тизмеге ылайык, 7 мектептин, мектептин 13 кошумча билим берүү имаратынын, 1 ичүүчү суу түтүгүнүн, 1 бала бакчанын, 2 спорттук комплекстин жана 1 маданий объектинин курулушуна 344 миллион 751,3 миң сом каралган. Ошондой эле, бир бала бакчанын, бир саламаттыкты сактоо мекемесинин жана бир мамлекеттик маанидеги имараттын капиталдык ремонтун бүткөрүү планына ылайык, 13 млн 576,4 миң сом каралган.

Жыл аягына чейин 16 социалдык объектини бүткөрүү пландаштырылып жатканы, анын ичинде 13 билим берүү объектисинин курулушу жана бир бала бакчанын, бир саламаттыкты сактоо мекемесинин жана мамлекеттик маанидеги бир имараттын капиталдык ремонту бар экендиги белгиленди.

Тэги: Госстрой Строительство соцобъектов Чуйская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу