Текстиль фабрикасын курууга 400 миң доллар сарпталды

12.09.2022, 11:40 Акчабар
Текстиль фабрикасын курууга 400 миң доллар сарпталды

Жумушчу сапарынын алкагында Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшан Сабиров текстиль фабрикасынын курулушу менен таанышуу максатында “Декна Бишкек Текстиль” ЖЧКсына барды. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

Агенттик Түркиядан келген инвестор менен биргеликте 2022-жылы мурдагы Кара-Балта килем фабрикасынын базасында жалпы аянты 53 миң чарчы метр болгон жаңы текстиль фабрикасын ачууну пландаштырууда.

“Декна Бишкек Текстиль” ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана ээси Фырат Дениз текстиль фабрикасынын курулушу жакынкы аралыкта бүтөрүн билдирди. “Декна Бишкек Текстиль” ишканасы ишке ашырып жаткан долбоорго инвестиция 25 миллион долларды түзүп, заводдун курулушуна 400 миң доллар жумшалган.

Бул долбоорду ишке ашыруу менен кошумча 800дөн 1 миңге чейин жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө.

Тэги: текстиль обрабатывающее производство легкая промышленность карабалта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу