Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду участкасынын курулушу башталгандан бери 104-чакырымга чейин 1-июлга карата аткарылган жумуштун көлөмү 4 миллиард 617,2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул жолдун курулушу республикалык бюджеттен “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржыланат.
2020-жылы коронавирустук инфекциянын кесепеттерин жоюу жана өлкөнүн 2020-жылга карата бюджетин оптималдаштыруу максатында, жол тармагынын бюджети кыскартылган. Буга байланыштуу 50 миллион сом өлчөмүндө каражат берилди. Бирок, буга карабастан, подрядчиктер менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, 345,9 миллион сомго 22 чакырым узундуктагы үстүнкү катмарга асфальт-бетон төшөө жүргүзүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.
2021-жылы "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 200 миллион сом каралган. Жыл башынан бери 200 миллион сом суммасындагы каражат каржыланган. Муну эске алганда, подряддык уюмдардын жалпы карызы 72,5 миллион сомду түзөт.
Башкы подрядчик “Лонг Хай” ЖЧКсынын айтымында, жумушчулар менен камсыздоочуларга карыз 35 миллион сомду түзөт.