Баткенди суу менен камсыздоого каражат бөлүндү

11.11.2020, 15:35 Акчабар
Баткенди суу менен камсыздоого каражат бөлүндү

Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин суу менен камсыз кылуу үчүн суу өткөрүүчү каналдын курулушуна 50 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Жапаров 2-ноябрда Баткен обулсундагы эл менен жолугушууда жергиликтүүлөр ушул маселени чечип берүүсүн өтүнгөн.


Долбоордун көлөмү чоң болгондуктан, суу өткөргүчтү куруу жана каржылоо төрт этапка бөлүнгөн:

1. Магистралдык суу алгычтын курулушу жана негизги каналды реконструкциялоо. Аны 2021-жылдын сугат мезгилине чейин бүтүрүү пландалууда.

2. Кулунду каналын реконструкциялоо.

3. Жаңы өтмөктүн курулушу жана учурдагы тоннелдин кеңейтилиши.

4. Максат каналынын курулушу.

Суу чарба агенттигинин маалыматына ылайык, долбоор 1,8 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүүнү жана суу менен камсыздоону 2,8 миң гектарга чейин көбөйтүүнү камтыйт.

Тэги: строительство водоснабжение Баткенская область финансирование деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу