Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак-жай курулат

09.09.2022, 11:30 Акчабар
Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак-жай курулат

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак-жай курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ал белгилегендей, №47 түзөтүү колониясын башка жакка көчүрүүнүн негизги себеби болуп түзөтүү мекемелерине карата заманбап талаптарга жооп бербеген эскирген имараттары, ошондой эле мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыгы саналат, бул коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев маалымдагандай, 8,5 га аянтты ээлеген №47 колониянын ордуна көп батирлүү социалдык турак-жай комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыккан.

Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген социалдык турак-жайлар камтылган.

"Келерки жылдан тартып бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат", — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Маалыматка ылайык, үй 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.

Ал ошондой эле беш жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелерин борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын белгиледи.

Тэги: социальное жилье кабмин Гострой

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу