Бишкектин отун базаларында көмүр жок

11.10.2022, 09:17 Акчабар
Бишкектин отун базаларында көмүр жок

Бишкектеги отун базаларында көмүр жок. Бул маалыматты “Акчабарга” “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова тастыктады.

Анын айтымында, учурда Кара-Кечеден Бишкек ЖЭБине көмүр ташылып жатат. Ошол эле учурда кенди казып алуу жана калкты көмүр менен камсыздоо максатында тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жийде Зоотбекова ишендиргендей, бир нече күндөн кийин отун базаларына көмүр бериле баштайт. 

“Акчабардын” өздүк булактары маалымдагандай, отун кампаларына казактын Шабыркүл көмүрү алынып келингени менен аны тез эле алып кетишүүдө. Казакстандын көмүрү 5100 сомдон сатылып жатат.

Белгилеп кетсек, Кара-Кечедеги көмүр кымбаттаган. Бир ай мурун бардык отун базаларында көмүрдүн тоннасы 4 миң сом болчу. Бүгүнкү күндө майдаланган көмүрдү 4,5 миң сомго, ал эми ирисин 6 миң сомго чейин сатып алууга болот.

Тэги: уголь новости Кыргызстана топливные базы Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу