Бишкек шаарынын мэриясы, «Көлмө» кичи районундагы Үмүт жана Максат көчөлөрүндөгү 39 турак жайга суу чыгарып берди. Бюджеттен 1 млн 151 миң 148 сом жумшалган.
Суу чыгаруу иштерин «Альма КG» курулуш компаниясы жүзөгө ашырган. Мэрияда билдиргендей, бул жылы мэр Азиз Суракматов өткөн жылдагы берген убадаларын аткарууда.