Суу чарба объекттерин калыбына келтирүүгө 935,6 млн сом жумшалды

02.01.2024, 10:21 Акчабар
Суу чарба объекттерин калыбына келтирүүгө 935,6 млн сом жумшалды

2023-жылы суу чарба объекттерин оңдоого жана калыбына келтирүүгө 935,6 млн сом сарпталган. Бул тууралуу “Акчабарга” Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат толугу менен пайдаланылды. 

“Бул каражатка 634,7 чакырым каналдарды, 683 гидротехникалык курулуштарды, 275 өлчөөчү станцияларды, 8 суткалык жөнгө салуу бассейндерин, 105 насостук станцияларды, 172 насостук агрегаттарды оңдоо, бетондоо жана механикалаштырылган тазалоо, 23 насостук агрегаттарды алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, 223,6 чакырым коллектордук-дренаждык тармактарды механикалаштырылган тазалоо иштери жүргүзүлүп, натыйжада 4 миң 472 гектар сугат жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды”, - деп айтылат маалыматта.
Басма сөз кызматы бардык иштер 2023-жылы бүтөрүн кошумчалады.

 

Тэги: новости Кыргызстана ирригация МИнсельхоз КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу