Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 602 млн сом жумшалат

09.09.2021, 13:15 Акчабар
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 602 млн сом жумшалат

VII чакырылыштагы парламенттик шайлоого бюджеттен 602 млн сом жумшалат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы  Нуржан Шайлдабекова билдирди.  

Анын айтымында, азырынча бул болжолдуу эсеп. Акыркы смета ушул апта такталып, бекитилет.  

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жаңы Конституцияга ылайык, депутаттардын саны 90го  кыскарган. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланса, калган 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат.

Тэги: Жогорку Кенеш выборы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу