Ушул жылдын алты айында Кыргызстанда мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөөгө бюджеттен 2 миллиард 821,6 миллион сом каралды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 607,4 миллион сомго же 27,43 пайызга көп. Былтыр бул максаттарга бюджеттен 2,2 миллиард сомдон бир аз ашык каражат бөлүнгөн.
Кошумчаласак, 27-июлга карата Кыргызстандын мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелери 82 миллиард 557,4 миллион сомго бааланды.