Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жүк кармалды

14.01.2020, 10:55 Акчабар
Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жүк кармалды

Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 12-январь күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер конушунда чек арачылар аткезчилик жол менен жүк алып келе жаткан 32 жаштагы Э.И. жана 35 жаштагы М.Ч. аттуу кыргыз жарандарын кармашкан.

Алардын «Renault Premium» унаасын текшерүү учурунда, анда тиешелүү документтери жок салмагы 19 тонна кургатылган жемиштер болгон.

Кармалган жүктүн жалпы баасы дээрлик 2 млн сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жүк менен жарандар Бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Тэги: контрабанда ГТС сухофрукты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу