Губернаторлордун айлык акысына 122 млн сом жумшалат

27.12.2022, 14:45 Акчабар
Губернаторлордун айлык акысына 122 млн сом жумшалат

Кийинки жылы президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кармоого кеткен жалпы чыгым 213 миллион 373 миң 900 сомду түзөт. Мындай маалыматтар “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн.

Жылдык бюджеттин эң көп өлчөмү Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө каралган. Каражат 39 миллион 488 миң 900 сомду түзөт.

Чыгымдардын негизги бөлүгү эмгек акыга туура келет – 122 миллион 325 миң 600 сом.

Транспорттук чыгымдарга 21 миллион 442 миң сом бөлүү пландалууда.

Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү келерки жылы расмий иш сапарларга 9 миллион 75 миң 900 сом сарптамакчы.

Байланыш кызматтарын төлөөгө 7 миллион 726 миң 400 сом бөлүү пландалууда.

 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика бюджет расходы бюджета

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу