Улуттук банк "Мегакомду" сатып алуу боюнча сунушту кароого даяр

31.07.2021, 10:34 Акчабар
Улуттук банк "Мегакомду" сатып алуу боюнча сунушту кароого даяр

Жогорку Кеңештин 29-июлундагы жыйынында депутаттар MegaCom уюлдук операторун сатууну колдогон министрлер кабинетинин токтомун кабыл алышты. Ал арада Улуттук банк потенциалдуу сатып алуучу болуп калышы мүмкүн экени белгилүү болду.

Улуттук банк "Акчабарга" MegaCom соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" ЖАКтан азырынча эч кандай сунуш түшө электигин билдирди.

"Кыргызстандын Улуттук банкы республиканын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган болсо, MegaCom уюлдук операторун сатып алуу сунушун карайт", - деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин Маммүлктүн башчысынын орун басары Медер Машиев потенциалдуу сатып алуучулар сунушту ала электе мамлекеттик активдин наркына көз карандысыз баа бериле турганын айткан. 2015 -жылы мамлекет "Мегакомду" сатууну пландап жатканда, мамлекеттик оператор 19 миллиард сомго бааланган.

 

Тэги: MegaCom Нацбанк госактив

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу