Улуттук банк менен финансы институттары каржы рыногун өнүктүрүү маселесин талкуулашты

08.12.2021, 11:03 Акчабар
Улуттук банк менен финансы институттары каржы рыногун өнүктүрүү маселесин талкуулашты

Бишкекте 7-декабрда "Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" тарабынан уюштурулган кезектеги микрофинансылоо тегерек столу өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Микрофинансылоо боюнча тегерек столдун отурумуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, "Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын", ошондой эле микрофинансы секторунун өкүлдөрү катышты.

"Иш-чаранын катышуучулары рынокту андан ары өнүктүрүүгө, микрофинансы системасында туруктуулукту сактоого жана коронавирустук инфекция менен байланышкан кризистин кесепеттерин жумшартууга, микрофинансылык кызматтарды санариптештирүүнү өнүктүрүүгө арналган микрофинансы секторунун эң маанилүү маселелерин талкуулашты", - деп билдирди Улуттук банктагылар. 

Микрофинансылык тегерек стол сектордогу олуттуу маселелерди талкуулаган салттуу иш-чара болуп саналат.

Тэги: финансовый рынок Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу