Казакстандын Улуттук банкы валюталык интервенция аркылуу теңгени колдоого даяр

12.01.2022, 09:42 Акчабар
Казакстандын Улуттук банкы валюталык интервенция аркылуу теңгени колдоого даяр

Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Ерболат Досаев баяндама жасады. Анын баяндама учурундагы сөзүнүн негизги үзүндүлөрүн банктын басма сөз кызматы өзүнүн Telegram-каналына жайгаштырган.

Улуттук банктын жетекчисинин пикири боюнча, банк берилген убакытты рыноктук принциптерди киргизүү, атаандаштыкты өнүктүрүү жана ашыкча ортомчулукту жоюу аркылуу тоскоолдуктарды ачуу үчүн пайдаланышы керек. Бул жөнгө салуудан кийин баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчү жасалууда, анткени өндүрүүчүлөр чыгым менен иштебейт.

“Улуттук банк зарыл болгон учурда валюталык интервенцияларды жүргүзүү менен валюта рыногундагы тең салмактуулукту камсыз кылат”, - деди ал.

Мындан тышкары 10-январда Улуттук банк Финансылык мониторинг агенттиги жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттик менен биргеликте өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү боюнча биргелешкен буйрук кабыл алган.

Ошону менен бирге тышкы экономикалык ишмердиктин ак ниеттүү катышуучуларынын, анын ичинде резиденттердин жана резидент эместердин укуктары бузулбай тургандыгы, эл аралык операцияларында чектелбей тургандыгы белгиленген.

Тэги: Нацбанк РК Казахстан тенге курс валют

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу