Эсеп ачпастан акча каражаттарын которуу иши жөнгө салынышы мүмкүн

28.01.2022, 09:07 Акчабар
Эсеп ачпастан акча каражаттарын которуу иши жөнгө салынышы мүмкүн

Улуттук банк Кыргызстанда акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдө.

Долбоор коммерциялык банктардын банк эсебин ачуусуз акча которуу системалары аркылуу акча каражаттарын которуу ишин жөнгө салууга багытталган. 

“Бүгүнкү күндө жеке ишкерлер коммерциялык банктардагы банктык эсептер аркылуу гана төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, ошондой эле акча которууларды жүргүзө алышат. Бирок жеке ишкерлердин баары эле эсеп ачууну каалабайт, алар расмий эмес каналдар аркылуу акча которууга артыкчылык беришет”,- деп айтылат ченемдик укуктук актыда. 

Эрежелер юридикалык жактарга жана ишкердик менен алектенген жарандар ортосунда эсеп ачуусуз акча которууга тыюу салат.

“Иш жүзүндө, ишкерлер өз ишкердигинин алкагында өз ара эсептешүүлөрдү которуу системалары аркылуу эсеп ачуусуз жүргүзүшөт. Ошол эле учурда банктардын эсептешүү-кассалык тейлөөгө өтүү боюнча сунуштар жеке ишкерлер тарабынан көп учурда этибарга алынбайт”,- деп түшүндүрөт Улуттук банктан.

Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  Кыргызстандынын аймагында ишкердик ишти жүргүзгөн жактарды кошо алганда, өлкө ичинде акча которууларды жүргүзүү жол-жоболорун өркүндөтүү. 

Тэги: Нацбанк НПА денежные переводы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу