Улуттук банк резервге 2,9 тонна алтын сатылып алынганын тастыктады

20.12.2022, 11:49 Акчабар
Улуттук банк резервге 2,9 тонна алтын сатылып алынганын тастыктады

Октябрь айынын аягында Кыргызстандын алтын корунда 420,6 миң унций же 13,1 тонна баалуу металл болгон. Бул тууралуу эл аралык резервдер боюнча акыркы отчетто айтылат.

Ошол эле учурда сентябрь айында ушул отчет боюнча 327,7 миң унций же 10 тонна 192 килограмм гана алтындын запасы болгон. Мындан тышкары, көрсөткүч 2021-жылдын декабрынан ушул жылдын сентябрынын аягына чейин өзгөрүүсүз калды. Ошондо жөнгө салуучу октябрь айында запастарга 92,9 миң унций же 2,9 тонна алтын сатып алган (сентябрга салыштырмалуу 28,4%га өскөн).

Эске салсак, “Акчабар” бул тууралуу буга чейин да жазган. Бирок анда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаеванын билдирүүсүнүн негизинде эсептөөлөр жүргүзүлсө, азыр маалыматтар банктын статистикасында чагылдырылган.

Улуттук банктын акыркы финансылык отчетуна ылайык, алтындын запастары ноябрь айында өсүүнү уланткан. Жыл ичинде алар 76,07% га өскөн (2022-жылдын ноябрынан 2021-жылдын ноябрына чейин).

Тэги: новости Кыргызстана золото резервы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу