Кыргызстандын Улуттук банкы 27-майда 5 жана 7 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрөт. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдан билдиришти.
Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен бюджетке 1 миллиард 230 миллион сом тартуу пландалууда. Анын 450 миллион сому 5 жылдык облигациялардын, дагы 780 миллион сому 7 жылдык мамлекеттик облигациялардын эсебинен болот.
Кошумчаласак, 24-майга карата Кыргызстандын 5 жана 7 жылдык мамлекеттик облигациялар линиясы боюнча милдеттенмелери 38 миллиард 134 миллион 248,3 миң сомго бааланды.