Улуттук банк төрт банктын кызмат орундарына талапкерлерди бекитти

31.05.2022, 09:04 Акчабар
Улуттук банк төрт банктын кызмат орундарына талапкерлерди бекитти

Кыргызстандын Улуттук банкы 26-майда төрт банктын кызмат орундарына талапкерлерди макулдашты. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, Улуттук банк Кастору Мамытованын талапкерлигин “Керемет Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басарлыгына жактырды. “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басарлыгына Жанар Норузбаев жана шарият кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна Ринат Габбасов бекитилди.

“Толубай Банк” тарабынан сунушталган эки талапкер Асел Атаханова директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү – аудит боюнча комиссиянын төрайымы жана Бегимай Калмамбет кызы операция бөлүмүнүн башчысынын орун басары – башкы бухгалтердин орун басарлыгына бекитилди.

Ошондой эле, Улуттук банк Нургүл Сатарованы “Бакай Банк” ААК башкармалыгынын төрайымы кызматына бекитти.

Тэги: Нацбанк КР кандидаты должности банки кадры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу