Улуттук банк алтын-валюта резерви үчүн 2,9 тонна алтын сатып алды

02.12.2022, 15:04 Акчабар
Улуттук банк алтын-валюта резерви үчүн 2,9 тонна алтын сатып алды

Быйыл октябрдын аягында Улуттук банктагы алтындын жалпы көлөмү 37,751 тоннаны түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен алтындын запасы 23 тонна 772 килограммды, монетардык эмес алтын 897 килограммды түздү.

Эске салсак, монетардык эмес алтын жана алтындагы запастар баалуу металлдардын ички рыногун өнүктүрүү перспективаларынын алкагында Улуттук банктын резервдерин түзүүгө багытталган. Алар банктын активдүү инвестициялык операцияларына катышпайт жана Улуттук банктын инвестициялык активдерине кирбейт. 

Мында 31-октябрга карата акчалай алтындын кору 13 тонна 81 килограммды түздү. Ошол эле учурда, сентябрь айынын аягында, ошол эле Улуттук банктын маалыматы боюнча, алар 327,7 миң унцийге же 10 тонна 192 килограммга бааланган. Ошентип, бир ай ичинде Улуттук банк алтын-валюта резервине 2 тонна 889 килограмм баалуу металл сатып алган деген тыянак чыгарууга болот. 

 

Тэги: новости Кыргызстана золото золотовалютные резервы Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу