Улуттук банк алтындагы корун дээрлик төрт эсеге көбөйттү

17.08.2022, 09:37 Акчабар
Улуттук банк алтындагы корун дээрлик төрт эсеге көбөйттү

Кыргызстандын Улуттук банкынын монетардык эмес алтын жана алтын запасы июль айынын аягында 101 миллиард 390 миллион сомго бааланган. Бул маалыматтар банктын финансылык абалы жөнүндө отчетунда келтирилди.

Бир жыл мурда Улуттук банктын монетардык эмес алтындагы активдери жана алтындагы камдары 26 миллиард 355 миллион сомго бааланган.

Мында, 31-июлга карата Улуттук банктын жөнөкөй алтын категориясындагы активдери 2021-жылдын ушул күнүнө карата 37 миллиард 940 миллион 627 миң сомдун ордуна 47 миллиард 791 миллион 762 миң сомду түздү.

Регулятордун жалпы активдери өткөн айдын аягында 332 миллиард 655 миллион 182 миң сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 22%га көп экенин кошумчалайбыз.

Тэги: Нацбанк КР золото активы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу