Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн эки алмашуу бюросунун лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Тактап айтканда, 18-майдан 1-июнга чейин "МОСИ" ЖЧКсынын жана "ЯСИЙН" ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайларынын лицензиялары убактылуу токтотулган. Эки акча алмаштыруучу жай тең Жалал-Абадда иштеп келген.
Буга чейин Улуттук банк микрофинансы уюмдарынын бирине бир эле адамга берилген кредиттердин максималдуу жалпы суммасы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн айып салганын кошумчалайбыз.