Улуттук банк резервдеги 653 килограммдан ашык алтынды сатты

07.06.2023, 09:55 Акчабар
Улуттук банк резервдеги 653 килограммдан ашык алтынды сатты

Ушул жылдын март айында Кыргызстандын алтын корунда олуттуу өзгөрүүлөр болду, тактап айтканда, өлкөнүн Улуттук банкы резервдеги 653,2 килограмм баалуу металлды сатты. Бул кадам сактагычтагы алтындын 506 миң трой унцийге чейин азайышына алып келди.

Буга чейин Улуттук банк алтын-валюта резервдерин көбөйткөн. Мекеме запасын 6,2 тонна алтынга толуктаган. Бул сатып алуулар регулятордун статистикасында чагылдырылган: 2022-жылдын октябрында алардын көлөмү 2,9 тоннага, ал эми 2022-жылдын ноябрында дагы 3,3 тоннага көбөйгөн. Бул 2022-жылдын аягында алтындын жалпы запасын 527 миң унцийге же болжол менен 16,4 тоннага жеткирди.

Алтындын запастары 2023-жылдын февралын кошкондо төрт ай бою ушул деңгээлде сакталган. Бирок март айында баалуу металлдын запасы азайып, анын натыйжасында жалпы көлөм 506 миң унцийге чейин төмөндөгөн. Бул Улуттук банк 21 миң унций же 653,2 килограмм алтынды резервден сатууга байланыштуу операцияларды жүргүзгөнүн көрсөтүп турат. Бир унцийдин орточо баасы 1 миң 965,6 долларды түздү, (көрсөткүч запастардагы алтындын наркын анын физикалык көлөмүнө бөлүү менен алынды) бүтүм 41 миллион доллардан ашты.

Алтынды сатуунун себептери ачыкка чыккан жок, бирок Борбордук банктар ликвиддүүлүктү башкаруу жана алмашуу курсун турукташтыруу үчүн көбүнчө резервдерден алтынды колдонорун эске алсак, регулятордун бул багыттагы ишмердүүлүгүнө түшүндүрмө табууга аракет кылса болот. Чынында эле март айында Улуттук банк ички валюта рыногуна эки жолу чыгып, анын натыйжасында жалпысынан 80,2 миллион доллар сатылганын билебиз.

Тэги: новости Кыргызстана золото Нацбанк КР золотые резервы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу