Улуттук банк валюта рыногуна 59,5 млн доллар сатты

07.12.2022, 08:45 Акчабар
Улуттук банк валюта рыногуна 59,5 млн доллар сатты

Улуттук банк 6-декабрда быйылкы жылдын эсебинен 14-жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Бул жолу Улуттук банк валюта рыногунда 59,5 миллион доллар сатты, анын 1 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күнү, калган 58,5 миллион доллары бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө эсептелген.

Кошумчаласак, 2022-жылдын башынан бери жөнгө салуучу валюта рыногуна 14 жолу, жети жолу АКШ долларын сатууга жана ошол эле санда аларды сатып алууга чыккан. Жалпысынан Улуттук банк 399 миллион доллар сатса, анын 332 миллион 350 миң доллары накталай эмес формада болгон.

Мындан тышкары, Улуттук банк валюта рыногунан 190 миллион 740 миң доллар сатып алды.

Тэги: новости Кыргызстана Нацбанк КР валютная интервенция доллар США курс валют

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу