Кечээ, 12-январда Улуттук банк 2022-жылдагы алгачкы валюта интервенциясын жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.
Улуттук банк валюта базарына 70,1 млн доллар саткан. Бул 2021-жылга салыштырмалуу эң чоң интервенциялардын бири.
Кошумчалай кетсек, Улуттук банк 2021-жылдын эсебинен акыркы ирет 27-декабрда интервенция жасап, 65 млн 950 миң доллар саткан