Кыргызстандын Улуттук банкы 7-декабрдан тарта валюта рыногуна чыкты. Бул мекеменин декабрдагы биринчи жана быйылкы жылдын башынан бери он төртүнчү интервенциясы.
Бул жолу Улуттук банк 71,3 миллион доллар сатты. Сумма 23-ноябрда болгон мурдагы ири келишимден 1 миллион долларга көп.
Эске салсак, акыркы жолу 26-ноябрда Улуттук банк валюта рыногуна чыгып, 44 миллион 650 миң долларды саткан. Жыл башынан бери мекеме сомдун курсун тегиздөө үчүн 633 миллион доллар короткон.