Улуттук банк экинчи ай катары менен чыгашага учурады

20.03.2024, 16:54 Акчабар
Улуттук банк экинчи ай катары менен чыгашага учурады

Улуттук банк февраль айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча финансылык отчетун жарыялады. Берилген маалыматтарга ылайык, мекеме экинчи ай катары менен жоготууга учурады.

Февраль айынын аягында Улуттук банктын чыгымы 145 миллион 292 миң сомду түздү. Бир жыл мурун эле банк 3 миллиард 30 миллион 468 миң сом киреше тапканы болчу.

Айта кетсек, Улуттук банктын жоготуусу январь айына туура келип, 126 миллион 475 миң сомду түзгөн. Бирок ал өсүп жатканын эске алганда, жөнгө салуучу минуска кете берет деген тыянак чыгарууга болот.

Улуттук банктын айтымында, киреше алуу анын максаты эмес экенине карабастан, терс финансылык көрсөткүчтү анын ишмердигинин оң натыйжасы деп кароо кыйын.

Эске салсак, Улуттук банктын кирешеси чет өлкө валютасы, алтын менен операциялардан алынган пайдадан, ошондой эле эл аралык камдарды тескөө, банктарга жана эл аралык уюмдарга кредиттерди берүү процессинде келип чыккан пайыздык кирешелерден жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана башка активдерге инвестициялардан турат. Ошол эле учурда, мекеменин чыгашалары анын милдеттенмелери боюнча пайыздык төлөмдөрдү камтыйт: ноталар боюнча, банктардан, финансы институттарынан акча, ошондой эле ЭВФ алдындагы милдеттенмелер.

Тэги: новости Кыргызстана Нацбанк КР убыток деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу